Менсингендик көз караштан арылтуу, жүрөктүн, моралдык жүрүм-турумдун тазаланышы, кыял-мүнөздүн сулуулугу (ихсан), Аллага жакындыгы, ички жан-дүйнөнүн тереңдиги (марифат), Аллага берилгендиги (фана), Аллахты таануу (бака), сыяктуу адам баласындагы жакшы сапаттарды өнүктүрүп – өстүрүүгө багытталган. Бир сөз менен айтканда Суфизмдин максаты – бул адамдагы жогорку гумандуулукту жана кулк – мүнөздү диний окуу аркылуу табуу болуп саналат.
Адамдын аң-сезиминде Динди кабыл алуунун башка дагы жогорку борборлору бар. Жүрөк анын эң башкысы болуп саналат. Жүрөк адам баласын тазалаган жана аны чагылдырган чыныгы күзгү катары роль ойнойт. Суфизм мектебинин башкы практикасында жүрөк баштаган баардык борборлор камтылган. Жүрөктү тазалоо жана активдүүлүгүн жогорулатуу менен, адам баласы өзүнүн сезе билүүсүн иш жүзөгө ашыра алат.